Грипп болгондо эмне кылуу керек

Грипп деген эмне? Грипп инфециялык оорулардын эң коопту жана оор ооруларга кирет, анткени бул оору менен ооруганда бронхиалдык системалар жабыркап, көп учурда өрчүшүп кетет. Шартка ылайык, грипп, массалык интоксикация менен өтүп, өйдөңкү дем алуу органдарын жабыркатат.

Достор, жаны коронавирус COVID-2019 менен алмаштырбайлы, булар эки башка оорулар

Оңой өрчүшүп кетүүсү менен грипп абдан кооптуу оорулардын катарына кирет, мисалы, өпкөнүн сезгенүүсү, ошондой эле грипп болгондо организмде көптөгөн башка оорулар козголот.

Грипптин пайда болуу себептери

Көп учурда грипптин жугуу булагы ал оору менен жабыркаган адам болот, ал адам менен ар кандай жакын контакт болгондо, аба аркылуу, кол кармашканда, чүчкүргөндө, жөтөлгөндө грипп адамдан адамга жугат. Грипп оорусу кышкы мезгилде күчөп, эпидемия мүнөзүндө болот. Грипптин массалык жайылуусу орточо эсеп менен он жылда бир болот.

Грипптин симптомдору

Грипптин эң башкы симптому бул дененин температурасынын көтөрүлүшү (39-40градус), чыйрыгуу, муундардын оорушу, бут дененин алсыздыгы, баш ооруу, жарыктан корку сезиминин пайда болуусу, көз чункурларынын оорушу, дененин тердеши. Оорулуу адамдын табити төмөндөп, уйкусу бузулуп, оозу кургап, түш көрүп жатканда өзүнчө сүйлөнүп, ошондой эле голлюцинация болушу мүмкүн. Мындай клиникалык абалда, толук дем алуу системалары жабыркаганы көп байкалбайт, бирок, жөтөлүү пайда болуп, тамак кытышып, мурундун бүтүшү байкалат. Грипптин оор учурларында мурундан кан агып, териде жылдызча формасында канталоолор пайда болуп, булчуңдар тырышып, эс-учун жоготуп коюуулар да кездешет. Көп учурда ооз-мурундун тегерегинде майда жаралар пайда болот.

Айтып коюуу керек, грипптин мындай симптомдору бардыгында эле боло бербейт. Шартка ылайык, көп оорулууларда грипп өзүн ар кандай көрсөтөт. Ушуга себептүү, оорулуу адамдын абалы жеңил, орто жеңил, оор жана абдан оор абал болуп такталат.

Грипп оорусуна бала-чакадан баштап абышка-кемпирлерге чейин чалдыгышат. Бирок оорунун өтүшү орто жашаган адамдардыкына карганда жаш балдардыкы жана улгайган адамдардыкы иммундук системасынын начар өрчүгөндүгүнөн ар башка болот, ушуга себептүү ар кандай өрчүп кетүүлөр жаш балдарда жана улгайган адамдарда көп болот.

Оору башталганда биринчи жардам

Оорунун биринчи симптомдорун сезгенде, төмөнкү чараларды көрүү керек: малинадан же каргаттан компот жасап ысык түрдөө ичүү зарыл, жылуу жуурканга оронуп, астынарга жылуу суу куюлган бөтөлкөлөрдү тердөө максатында салып алсаңар эң жакшы болот, ошондой эле сөзсүз түрдө ооз-мурундун ичин маргансовканын мала кызыл раствору менен чайкоо зарыл, сарымсак жана пыяздан шуру жасап моюнуңарга илип алуу абзель, кайнатылган суусундуктардан көп ичуу, ушундай шарттарды сактасаңар грипп оорусу оорчулуксуз 3-күндө тарап кетет.

Гриппти даарылоонун эң маанилүү эки шарты

Башка оорулар сыяктуу эле, грипп дененин температурасынын көтөрүлүшү менен өтөт. Ал эми температуранын көтөрүлүшү, бул денени сактоо механизминин иштей баштаганына байланыштуу болот. Организм бактериялар менен күрөшүп, өзүн өзү даарылаганга аракеттенет. Температуранын көтөрүлүшү менен организмдеги көптөгөн бактериялар өлүмгө учурайт. Ушуга себептүү дененин температурасын антибиотиктер менен 37,5градустан төмөн түшүрбөө зарыл, бул биринчи шарт!

Экинчи шарты: Организмди оор тамактануу менен жүктөбөө керек, анткени иммундук системага дарт менен күрөшүүгө ошол убакта көп күч-кубат талап кылынат, ал эми оор тамактанып алганда ал күч кубаттын бары иммундук системага эмес, тамак-ашты иштетүүгө сарптала баштайт. Тамак-аш майлуу болбошу зарыл, канчалык жеңил тамак болсо ошончо организмге жакшы. Тамак суюк же каша консистенсиясында болсо эң жакшы, жана кайнатылган суусундук көп кабыл алуу абзель. Ошондой эле чоң эскертүү: Грипп болуп же суук тийип ооруп калганда дароо эле амоксацилин же ушу сыяктуу антибиотиктер менен тез айыгуу максатында даарыланууга такыр болбойт! Анткени, антибиотиктер менен тез-тез эле даарылана бергенде, организмдеги зыяндуу микроорганизмдер антибиотиктин соккусуна көнүп алат да, даарылардын таасирине чыдамдуу болуп, оору күчөп, айыкпас ооруларга алып келиши мүмкүн.

Элдик рецепт

Элдик рецепттерге кайрылсак: Орто өлчөмдөгү чийки пыязды алып, теркадан өткөрүп, 1стакан сүттү жылытып (кайнатпаш керек), пыязды аралаштырып, 20 мүнөт муздап калбаш үчүн жылуу жерде демдеп коюуу керек. Бул демделмени жылуу түрдө жана кечинде жатаарда ичүү зарыл. 1 стакандын баарын иче албасанар жарымын ичип, калган жарымын эртен менен кайра жылытып ичип алсанар болот. Мындай демдемени бир нече күн катары менен ичүү зарыл, ошондо грипп өрчүшпөй өтөт.

Сактануу жолдору

Грипптен сактануунун эң жөнөкөй каражаты бул жүз-каптар (маска), бир жүз-капты 3 саат гана жүзүңүзгө тагып жүрүүгө болот.
- Аймактык, шаардык ооруканалардан гриппке каршы эмдөөдөн өтүү, негизи гриппке каршы 6 айда бир эмдөөдөн өтүп турсаңар грипптен алысыраак болосуздар.

Грипп болуп ооруп жаткан адам менен сүйлөшүүгө туура келсе 1 метрдик аралыкты сактаңыз жана чүчкүрүп же жөтөлгөндө 2 метрге алыс болуңуз.

Өздүк гигиенаны жана суукка урунуп калуудан сак болуңуз. Жука кийим менен сейилдебегиле, колуңарды самындап жуугула.

Кыштын абдан суук күндөрү шарфты маска кылып жүзүңөрдү жаап алгыла, кышкы муздак температурадагы аба менен дем алганда тамагыңарды тез эле оорутуп аласыз.

20/10/17 10:36 10145 кароо Дүр дүйнө 0











Сасык тумоонун мезгили келди. Эгерде кокусунан сизге сасык тумоо жармашып, чүчкүрүп, мурдуңуз бүтүп, жөтөлүп баштасаңыз дароо бул оорудан айыгуу аракеттерин көрүңүз. Ооруну өтүштүрүп жибербестен, башталганын сезгениңизде дароо өзүңүздүн саламаттыгыңыз үчүн кам көргөнүңүз жакшы.

Мен мисалы бир нече медициналык эмес таасирдүү ыкмаларды тандап алгам.


1. Мурунга сарымсак тамчылатуу.

Сасык тумоонун алгачкы белгилери байкалары менен мен түнкүсүн мурдума сарымсакты кесип салып коем. Мурун көңдөйүнүн бетин күйгүзүп албас үчүн сарымсактын кесиндилерин бинт менен ороп коюу керек. Эгерде бул ыкма убагында жасалса, анда оорунун белгилеринен арылууга бир түн жетиштүү. ошондой эле сарымсактын ширесин тамчылатып коюу да натыйжалуу келет.

Эскертүү: Бирок сарымсакты мурунга салып жатуу ыңгайсыздык жаратат десеңиз, уйку алдында бир нече саатка салып жүргөнүңүз да таасир берет.


2. Үч тарелка бал

Бул ыкма таң калычтуу болгону менен натыйжалуу. Аны тамак жаңыдан ооруп баштаганда колдонуу зарыл. Ал үчүн кадимки жалпак тарелканы аласыз да, бетине жука бал сүйкөп чыгасыз. Андан соң балдын баарын тарелканын бетинен тилиңиз менен жалашыңыз керек. Бул учурда сиздин тамагыңызга бал толук сүйкөлөт. Бир күнгө ушундай үч тарелка сиздеги сасык тумоо сен көр, мен көр жоголмокчу.


3. Тамакты туз, сода, йод аралашмасы менен чайкоо

Бул ыкма сасык тумоонун башталышында жана өтүшүп кеткен абалында да таасирдүү. Бул аралашма деңиз суусу сыяктуу болуп калат. Мен аны төмөнкүдөй даярдайм, бир стакан кайнак сууга 1 чай кашык туз, жарым чай кашык сода жана суу мала күрөң тукө жеткидей бир нече тамчы йод кошом. Канчалык көп жолу чайкасаң, ошончолук жакшы.

Эскертүү: Ушул эле аралашма менен мурун көңдөйүн чайкоого болот. Ал үчүн алканыңызга аралашманы алып, манжа менен мурунуңуздун бир жагын жаап, экинчисине тартып, кайра чыгарасыз. Ошентип мурунуңуздун эки жагына тең аз болгондо 3 жолудан жасасаңыз сөзсүз жардам берет.


4. Итмурунду демдөө

Жакшы, эски эмес итмурунду сатып аласыз да, аны кайнак сууга термоско түнгө калтырып демдеп коесуз. Таасирин жогорулатуу үчүн итмурун мөмөсүн майдалап койсоңуз болот. Бир күндө 3 стакандан кем эмес ичүү керек. Ушул сыяктуу эле башка чөптөрдөн демдеп ичүүгө болот.


Малина – эң мыкты табигый антибиотик. Чоң энелерибиздин текшерилген рецепттеринин негизинде малина кыямын колдонууга болот. Бирок жакшысы жаңы терилген же тоңдурулган малина сатып алып, демдеңиз. Ошондой эле кургатылган түрүн да колдонууга болот.

Ал эми сиздин, урматтуу окурман, өз тажрыйбаңызда колдонгон таасирдүү ыкмаларыңыз болсо, биз менен бөлүшүңүз жана оорубай жүрүңүз!

Пайдалуу маалыматтар, кеңештер


Сууктап же сасык тумоолоп калганыбызда дароо эле аптекага чуркап, дарыларды иче баштайбыз. Алар болсо, бир ооруудан айыктырганы менен, башка жагынан зыян келтириши мүмкүн. Көп учурда, дары-дермексиз эле айыгып кетүүгө мүмкүнчүлүктөр бар.

Суук тийсе же сасык тумоолоп калсаңар 4 эрежени карманышыңар керек.

1-эреже: диетаны сактоо

Сыркоолоп калганда тамакка өзгөчө көңүл бургула. Жарым фабрикаттарды, спирт ичимдиктерин, таттууну, жумуртканы, майлуу жана күчтүү тамакты ичип жебегенге аракет кылыш керек. Оору менен күрөшкөндүн ордуна организм бул тамактарды сиңиргенге көп энергияны коротот.

Айрым дарыгерлер 1-2 күнгө такыр эле тамак ичпей коюуну да сунушташат. Алардын айтымында, мындайда организм ар-түрдүү зыяндуу заттардан арыла баштайт жана бардык энергиясын ооруу менен күрөшкөнгө жумшайт.

Суюктукту көп ичиш керек. Суткасына 2-2,5 литрге чейин.

С витаминин көп колдонгула. Интерферон – клеткаларды вирустардан коргогон белок, аны болсо иштеп чыгыш үчүн организмге С витамини керек. Ошондуктан бул витаминге бай тамакты же суюктукту көп ичүү зарыл. Төмөнкү жер-жемиштерде С витамини көп деп эсептелет: апельсин, алма, яблоки, киви, лимон, грейпфрут, курма, капуста, пияз, сарымсак.

Аскорбин кислотасын да колдонсо болот. Биринчи күнү анын көлөму 2,5 г болушу мүмкүн, калган күндөрү – 1 грамм.

2-эреже: таза аба

Сакайып кетүүдө абанын мааниси зор. Ал таза, өтө ысык жана кургак эмес болушу зарыл. Күнүнө кеминде эки жолу терезелерди ачып жаткан бөлмөңөрдү желдетип тургула. Бул учурда башка бөлмөгө чыгып турганынар оң.

Абаны нымдаткычты колдонсоңор жакшы. Ал жок болсо, төшөктүн жанына суу куюлган идишти коюп койгула. Ага эвкалипттин 2-3 тамчысын тамызып койсоңор аба нымдуу гана эмес, дарылуу да болот.

3-эреже: температуралык режим

Денеңердин температурасы көтөрүлсө аны түшүрүүгө шашылбагыла. Температуранын көтөрүлүшү – бул организмдин ооруу менен күрөшүп жаткандыгынын белгиси. Көп зыяындуу вирустар чоң температурага туруштук бере алышпай, алсырай башташат. Бир гана дененин температурасы 38,5 градустан ашканда аны түшүргөнгө аракеттенгиле. Бул температурада денедеги биохимиялык реакциялар бузула баштайт.

Адам температуралап турганда дене аны курчап турган айлана-чөйрөдөнүн температурасына өтө сезгич келет. Ошондуктан суукка чыкпаш керек, же ысык ваннага түшпөш керек.

4-эреже: жакшы уйку

Жакшы уйку – ден соолукка өбөлгө. Бат айыккысы келген адам – жакшы эс алып, уйкусу канганга чейин уктап алганы туура болот. Организмге энергияны үнөмдөп, ооруу менен күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк бергиле. Ошондуктан ооруп калганда, жумушка чыкпай, баспай, төшөккө жатыш керек.

Төмөндө сасык тумоону дарылоодо пайдалуу ар-түрдүү рецептер келтирилет

Түштүк Африкада сууктап калганда жарымы бал, калган жарымы кара мурчтан турган суюктукту колдонушат.

Тибетте сарымсак кошулган спиртти сүткө кошуп ичишет.

Еврейлер сууктап калышканда тооктун ысык шорпосун ичишет. Шорподогу цистеин аминокслотасы былжырды азайтат, ал эми буусу мурундун көңгөйүн нымдатып, анын сезгенишин жана мурундун бүтөлүшүн азайтат.

Америкада сасык тумоолоп калаары менен төмөнкү рецепт менен жасалган суюктукту ичишкенге шашылылашт: чай кашык жалбыздын үстүнө бир стакан ысык суу куюп, аны 3-5 мүнөт жай отто ысытыш керек, андан соң аны чыпкалап алып, ага чай кашык бал кошулат; сарымсактын бир бөлүгүн майдалап туурап, кашык менен жакшы эзип, ага жогорудагы суюктукту куябыз. Даяр жылуу дары суюктукту жатаардын алдында ичиш керек.

Индияда иммундук системанын иштешине дем берген имбир кошулган чайды колдонушат. Вируска каршы 10 компоненти бар имбирь инфекциянын организмге тереңдеп киришине жакшы бөгөт болуп эсептелет. 280 мл жылуу сууга майдаланган специяларды кошуп (кара мурчтун 4 даны, 4 даана кардамон, 3 гвоздика жана даамына жараша имбирь менен корица), аны кайнагандан кийин жай отто 20 мүнөт кармаш керек. Ичердин алдында ага бир чымчым кара чай, бир аз сүт жана чай кашык бал кошулат. Боюнда барларга имбирди колдонууга болбойт.

Гректердин дарысы индиялыктардыкына окшоп кетет. Апельсиндин же лимондун 2 тилимин 2 станан кызыл виного салышат, чай кашык балды, 2 гвоздиканы жана чымчым корицанын кошуп, суюктукту кайнатып, аны ысык кезинде кичинеден ууртап ичишет.

Орустар ооруунун алгачкы белгилерин сезээри менен төмөнкү дарыны ичишет. 300 граммдык идишке, анын 1/3 бөлүгүндөй ысык чай, так ушул эле көлөмдө кызыл вино (адатынча кагор) жана да малина вареньесин куюп, бир лимондун ширесин кошушат. Жатаардын алдында ичилет.

Мексикалыктар калмепирден ашкан дары жок деп эсептешет. Калемпир былжырды азайтат, бронхту кеңейтет, коюлантуучу жана микробторду өлтүрүүчү мүмкүнчүлүктөргө ээ. Ооруй баштаганын сезген мексикалык тилдин баш жагына чай кашыктын төрттөн бир бөлүгүндөй майдаланган калемпирди салып аны дароо муздак суу менен ичип иет.

Кыргыздар койдун майын көп колдонушат. Өрчүп кеткен бронхит учурунда жана кургак жөтөлдө төштү жана арканы эритилген койдун майы менен сүртүп, полиэтлен менен жаап адам жылууланып жатышы керек. Айрым учурда койдун майына бал кошсо болот Мындайда аны жатаардын алдында кылган оң. Адатынча 1-2 жолудан кийин адам жеңилдеп калат. Ысык сүткө эритилген бир кашык койдун майын кошуп жатаардын алдында 3-5 күн ичкен да пайдалуу.

Эгер 3-5 күндөн кийин жакшы болуп кетпесеңер, дененин температурасы түшпөсө, анда бул сасык тумоо же ОРВИ болбошу мүмкүн, дарыгерлерге кайрылган туура болот.



КОРОНАВИРУС ДЕГЕН ЭМНЕ?

Коронавирустар - бул латын тилинде Coronaviridae деп аталып, кыргыз тилине которгондо "таажы сымал вирустар" десек болот. Вирустун түзүлүшү таажыга окшош. Коронавирус биринчи жолу 1965-жылы ринит оорусу өтүшүп кеткен адамда аныкталган.

2019-nCoV - бул жогорудагы коронавирустардын түркүмүнө кирет жана аталган аталыш Саламаттыкты сактоо дүйнөлүк уюму тарабынан белгиленген.


Кыргызстанда жазгы туут маалы башталды. Дал ушул учурда бруцеллез оорусун жуктуруп алуу коркунучу чоң.

Республикалык карантиндик жана өтө кооптуу инфекциялар борборунун маалыматында, өлкөдө бруцеллез боюнча эпидемиялык абал туруктуу эмес бойдон калууда. Анын себеби, ооруну алдын алууда чабандардын кайдыгер мамилеси эсептелет.


Менингит – бактериалдык формадагы, баш жана жүлүн мээсинин кабыкчаларынын сезгенүүдөн жабыркоосу. Менингит олуттуу оруу жана ал өзүнүн татаалдануулары менен адамга коркунуч туудурат. Өзгөчө, кыш -жаз мезгилдеринде ооруга чалдыгуу күчөйт.


Грипп (сасык тумоо)(фр. grippe) — грипп вирусу себепкер болгон дем алуу жолдорунун инфекциялык оорусу. Кез-кезде эпидемия жана пандемия түрлөрүндө жайылат. Учурда грипп вирусунун бир биринен антигендик спектри менен айырмаланган 2000ден ашык варианты табылган.

Бул оору башталганда адам өзүн начар сезип, мурдунан суу куюлуп, башы ооруп, үнү каргылданып бүтүшү ыктымал. Мына ушул сыяктуу сасык тумоонун белгилери байкалганда адам өз алдынча дарылануудан баш тартып, врачты уйго чакыруу керек. Жумушка, коомдук жайларга баруудан алыс болушу абзел. Себеби адам ооруп баштаганда вирустар дем алуу органдарынын клеткаларында абдан тез көбөйө баштайт дагы, чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө айлана чөйрөгө көп сандаган вирустар таркайт.

Сасык тумоо менен ооруп калбоо үчүн төмөнкү кеңештерди эске алыңыз:

  1. Туура тамактануу жана активдүү болуу зарыл.
  2. Эгер балдырыныз же сиз ооруп калсаныз үйдө болуп, балдарды мектепке, бала бакчага жибербеңиз.
  3. Оорубаш учун жотолуп чүчкүруп жаткан адамдардан алыс болуу зарыл.
  4. "Жөтөлүү этикетин" сактап жөтөлгөндө жана чүчкүргөндо ооз мурунду жабып чүчкүрүү жана ооз, көз, мурунду кармоодон алыс болуу зарыл.
  5. Дайыма колду самын менен жууп же спирт аралашкан кол тазалагычтар менен сүрүү зарыл. (айрыкча, ооз, мурунду кармагандан кийин)
  6. Эгер мүмкүн болсо, топтошкон жерлерде жүрүү мөөнөтүн кыскартуу.
  7. Дайыма терезелерди ачып, бөлмөнү желдетип туруу.
  8. Эгер сиз ооруп калсаныз, үй-бүлөнүздүн башка мүчөлөрүнө жуктурбаш үчүн медициналык бет кап тагыныныз жана аны 4 саат сайын алмаштыруунуз зарыл.
  9. Бейтапты өзүнчө бөлмөгө бөлүп, өзүнчө идиш, бет арчы менен камсыз кылып, бөлмөнү тазалап желдетип туруу.
  10. Дарыгерге кайрылуу зарыл (дарыгерди үйгө чакырып) – дарыгер гана туура дарыланууну сунуштайт!
  11. Өзүнөрдү өзүнөр дарылоодон алыс болгула, анткени өзүн өзун дарылоо оорунун ар кандай оордоршуна алып келүүсү мүмкүн.


Күз келип суук тарта башташы менен c (КДВО) күчөй баштайт.

КДВО – жугуштуу вирустук оору: ага грипп, парагрипп, аденовирус, респиратордук-синцитиалдык вирустар себепчи болот.

КДВО жана грипптин белгилери:

  • тамактагы ачышуу жана оорутуу, ооздун кургашы, кургак жөтөлгө өтүүсү
  • мурундун бүтүшү, чүчкүрүү, мурундан тунук суунун куюлушу;
  • ун байламталарынын жабыркашынан улам үндүн өзгөрүшү;
  • көздүн былжыр чели жабыркагандыктан көздөн жаш агышы, көздүн агынын кызарышы, жарыктан коркуу.

Оору андан ары күчөгөн учурда уулануунун симптомдору кошулат:

  • жалпы алсыроо, чарчоо;
  • дене табынын 38-39 о Сга чейин жогорулашы; чыйрыгуу;
  • баштын катуу оорушу, баш айлануу;
  • жүрөк айлануу, кусуу;
  • аң-сезимдин чаташуусу, жөөлүү.

Балдар, улгайган курактагы, иммунитети начар адамдар же башка оорудан дарыланып жаткандар татаалдашууларга дуушар болушу мүмкүн.

КДВОго кайдыгер мамиле кылуу өлүмгө чейин жеткен коркунучтуу татаалдашууларга алып келет.

Грипп жана КДВОнун коркунучтуу белгилери:

Дем алуу системасы үчүн – бронхиттер, пневмония (өпкөнүн сезгениши) – көпчүлүк өлүмдөрдүн себеби КДВО жана грипптин күчөшүнөн болот;

  • жүрөк кан тамыр системасынын органдары үчүннерв системасы үчүн – менингит, энцефалит, полирадикулоневрит, невралгия;
  • жүрөк булчуңдарынын жабырланышы – миокардит
  • жүрөк дүлөйчөлөрү – перикардит
  • жүрөктүн байланыштыруучу ткандары – эндокардит;

КДВО жана грипптен кантип сактанууга болот

  • Адамдар көп чогулган жерден оолак болгула.
  • Медициналык бет кап тагыныңыз, ар бир 4 саат сайын алмаштырып тургула.
  • Оксолин майын колдонгула.
  • Колуңарды самындап жууп, колго арналган дезинфекциялоочу каражаттарды колдонгула.
  • Жашаган бөлмөлөрдү желдетип, нымдуу чүпүрөк менен сүртүп тургула.
  • Иммунитетти адекваттуу жүрүм –турум, толук баалуу тамактануу жана уйку аркылуу чыңдагыла;

КДВОнун алгачкы белгилери пайда болгондо үй-бүлөлүк медициналык борборлорго, фельдшердик-акушердик пункттарга жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылгыла.

Канчалык эрте кайрылсаңар, дарылануу ошончолук натыйжалуу болот!


Менингит – бактериалдык формадагы, баш жана жүлүн мээсинин кабыкчаларынын сезгенүүдөн жабыркоосу. Менингит олуттуу оруу жана ал өзүнүн татаалдануулары менен адамга коркунуч туудурат. Өзгөчө, кыш -жаз мезгилдеринде ооруга чалдыгуу күчөйт.


Грипп (сасык тумоо)(фр. grippe) — грипп вирусу себепкер болгон дем алуу жолдорунун инфекциялык оорусу. Кез-кезде эпидемия жана пандемия түрлөрүндө жайылат. Учурда грипп вирусунун бир биринен антигендик спектри менен айырмаланган 2000ден ашык варианты табылган.

Бул оору башталганда адам өзүн начар сезип, мурдунан суу куюлуп, башы ооруп, үнү каргылданып бүтүшү ыктымал. Мына ушул сыяктуу сасык тумоонун белгилери байкалганда адам өз алдынча дарылануудан баш тартып, врачты уйго чакыруу керек. Жумушка, коомдук жайларга баруудан алыс болушу абзел. Себеби адам ооруп баштаганда вирустар дем алуу органдарынын клеткаларында абдан тез көбөйө баштайт дагы, чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө айлана чөйрөгө көп сандаган вирустар таркайт.

Сасык тумоо менен ооруп калбоо үчүн төмөнкү кеңештерди эске алыңыз:

  1. Туура тамактануу жана активдүү болуу зарыл.
  2. Эгер балдырыныз же сиз ооруп калсаныз үйдө болуп, балдарды мектепке, бала бакчага жибербеңиз.
  3. Оорубаш учун жотолуп чүчкүруп жаткан адамдардан алыс болуу зарыл.
  4. "Жөтөлүү этикетин" сактап жөтөлгөндө жана чүчкүргөндо ооз мурунду жабып чүчкүрүү жана ооз, көз, мурунду кармоодон алыс болуу зарыл.
  5. Дайыма колду самын менен жууп же спирт аралашкан кол тазалагычтар менен сүрүү зарыл. (айрыкча, ооз, мурунду кармагандан кийин)
  6. Эгер мүмкүн болсо, топтошкон жерлерде жүрүү мөөнөтүн кыскартуу.
  7. Дайыма терезелерди ачып, бөлмөнү желдетип туруу.
  8. Эгер сиз ооруп калсаныз, үй-бүлөнүздүн башка мүчөлөрүнө жуктурбаш үчүн медициналык бет кап тагыныныз жана аны 4 саат сайын алмаштыруунуз зарыл.
  9. Бейтапты өзүнчө бөлмөгө бөлүп, өзүнчө идиш, бет арчы менен камсыз кылып, бөлмөнү тазалап желдетип туруу.
  10. Дарыгерге кайрылуу зарыл (дарыгерди үйгө чакырып) – дарыгер гана туура дарыланууну сунуштайт!
  11. Өзүнөрдү өзүнөр дарылоодон алыс болгула, анткени өзүн өзун дарылоо оорунун ар кандай оордоршуна алып келүүсү мүмкүн.


Күз келип суук тарта башташы менен c (КДВО) күчөй баштайт.

КДВО – жугуштуу вирустук оору: ага грипп, парагрипп, аденовирус, респиратордук-синцитиалдык вирустар себепчи болот.

КДВО жана грипптин белгилери:

  • тамактагы ачышуу жана оорутуу, ооздун кургашы, кургак жөтөлгө өтүүсү
  • мурундун бүтүшү, чүчкүрүү, мурундан тунук суунун куюлушу;
  • ун байламталарынын жабыркашынан улам үндүн өзгөрүшү;
  • көздүн былжыр чели жабыркагандыктан көздөн жаш агышы, көздүн агынын кызарышы, жарыктан коркуу.

Оору андан ары күчөгөн учурда уулануунун симптомдору кошулат:

  • жалпы алсыроо, чарчоо;
  • дене табынын 38-39 о Сга чейин жогорулашы; чыйрыгуу;
  • баштын катуу оорушу, баш айлануу;
  • жүрөк айлануу, кусуу;
  • аң-сезимдин чаташуусу, жөөлүү.

Балдар, улгайган курактагы, иммунитети начар адамдар же башка оорудан дарыланып жаткандар татаалдашууларга дуушар болушу мүмкүн.

КДВОго кайдыгер мамиле кылуу өлүмгө чейин жеткен коркунучтуу татаалдашууларга алып келет.

Грипп жана КДВОнун коркунучтуу белгилери:

Дем алуу системасы үчүн – бронхиттер, пневмония (өпкөнүн сезгениши) – көпчүлүк өлүмдөрдүн себеби КДВО жана грипптин күчөшүнөн болот;

  • жүрөк кан тамыр системасынын органдары үчүннерв системасы үчүн – менингит, энцефалит, полирадикулоневрит, невралгия;
  • жүрөк булчуңдарынын жабырланышы – миокардит
  • жүрөк дүлөйчөлөрү – перикардит
  • жүрөктүн байланыштыруучу ткандары – эндокардит;

КДВО жана грипптен кантип сактанууга болот

  • Адамдар көп чогулган жерден оолак болгула.
  • Медициналык бет кап тагыныңыз, ар бир 4 саат сайын алмаштырып тургула.
  • Оксолин майын колдонгула.
  • Колуңарды самындап жууп, колго арналган дезинфекциялоочу каражаттарды колдонгула.
  • Жашаган бөлмөлөрдү желдетип, нымдуу чүпүрөк менен сүртүп тургула.
  • Иммунитетти адекваттуу жүрүм –турум, толук баалуу тамактануу жана уйку аркылуу чыңдагыла;

КДВОнун алгачкы белгилери пайда болгондо үй-бүлөлүк медициналык борборлорго, фельдшердик-акушердик пункттарга жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылгыла.

Канчалык эрте кайрылсаңар, дарылануу ошончолук натыйжалуу болот!


Кызамык - вирустар козгоочу жугуштуу инфекциялык оору. Вирустар адам жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, чүчкүргөндө бөлүнүп, абаны булгайт. Оору соо адамга вирустар менен булганган абадан дем алганда жугат. Кызамык менен бардык жаштагы кишилер, айрыкча 2 — 10 жаштагы балдар ооруйт. Инкубациялык мезгили 16—21 күн.

  • Дене таптын жогорулашы
  • Жөтөлүү
  • Мурун бүтүү
  • Көздөн жаш агуу
  • Дене кызыл тактардын пайда болушу: адатта тактар бетте пайда болуп, андан кийин денеге жайылат

Кызамык өтүшүп кеткенде , өзгөчө кичинекей балдарда, ич өтүү, пневмония сыяктуу ооруларга алып келиши мүмкүн.

Эгерде сиз өзүңүздө жогоруда баяндалган белгилерди байкасаңыз, кызамык менен ооруган адам менен байланышта болсоңуз же суук тийүүнүн белгилери байкалса, үйдөн чыкпаңыз, эл көп чогулган жерлерден (жабык спорттук, балдар үчүн ойноочу аянтчалар, коомдук унаалар, соода борборлору, туугандар менен майрамдык иш-чаралар ж. б.) оолак болуңуз жана тезинен үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылыңыз.

Эмдөөнүн календарына ылайык баланы өз убагында вакцинациялоо алдын алуунун бирден-бир ыкмасы болуп саналат. Эмдөөнү сиз жашаган жериңиз боюнча үй-бүлөлүк медицина борборлорунан ала аласыз.



Сасык тумоо — бул дээрлик бардык адамдар чалдыгышы мүмкүн болгон инфекциялык оору. Сасык тумоону козгоочу вирус оорулуудан айланадагыларга аба аркылуу жугат.

Сасык тумоо учурунда өнөкөт оорулар өтүшөт, андан тышкары сасык тумоо дагы башка ооруларды козгошу мүмкүн:

Өпкө оорулары (бронхит, пневмония).

Дем алуу органдарынын иштөөсүнө кыйынчылык туудурат (отит, синусит, ринит, трахеит).

Жүрөк кан тамыр оорулары (миокардит, перикардит).

Нерв системаларындагы илдеттерди күчөтөт (менингит, менингоэнцефалит, энцефалит, невралгия, полирадикулоневрит).

Өнөкөт ооруларды өтүштүрбөш үчүн өз учурунда сасык тумоонун алдын алып, оорунун өзүн туура дарылоо керек.

Адатта сасык тумоо капысынан башталат. А жана В тибиндеги сасык тумоону козгоочу вирустар агрессивдүүлүгү жана өтө тез тарашы менен айырмаланат. Ошондуктан кыска убакыттын ичинде вирус дем алуу органдары аркылуу тарап бактериялардын көбөйүшүнө шарт түзөт.

Сасык тумоонун белгилери – дене табы 37,5 – 39 °Сга көтөрүлөт, баш ооруйт, булчуңдар, сөөктөр какшайт, алсыроо, чыйрыгуу, жөтөл, мурундун бүтөлүшү, тамактын сезгенүүсү менен коштолот .

Сасык тумоону башка оорулар менен алмаштырып алууга болот, ошондуктан так диагнозду дарыгер аныктап, дарылануу ыкмасын дайындайт.

Сасык тумоо менен ооруганда эмне кылуу керек?

Алгачкы белгилери байкалганда эле бейтап үйдөн чыкпай дарыланууну башташы керек. Оорулуу адам коомдук жайларга баруу менен тегерегиндегилерге ооруну жуктурат. Ошондуктан дароо дарыгерге кайрылып, дарылануу керек. Инфекциянын андан ары таралышынын алдын алуу үчүн бейтапты өзүнчө бөлмөгө жайгаштыруу туура.

Эң маанилүү!

Ата-энелер! Эч качан ооруган балдарыңызды бала бакчага, мектепке, маданий иш-чараларга жибербеңиз. Сасык тумоодо жүрөк кан тамырларына күч келип, иммундук системаларга таасир бергендиктен жатып дарылануу керек.

Сасык тумоо менен ооруганда өзүңүздү өзүңүз дарылоодон алыс болуңуз, сөзсүз дарыгерге кайрылуу зарыл, ал ооруну аныктап, жаш курагына, абалына жараша дары-дармектерди сунуштайт

Туура дарылануу үчүн дарыгер жазып берген нерселердин баарын так аткарып, өз убагында дарыларды ичиш керек. Мындан тышкары суюктукту абдан көп колдонуу зарыл, мисалы ысык чайды тез-тезден, көп-көптөн ичип туруу абзел.

Сасык тумоодон кантип сактануу керек?

Бейтап жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозу менен мурдун бетаарчы менен жапкан туура.

Оорулуу адам жайгашкан бөлмөнү тез-тез желдетип, мүмкүн болушунча инфекцияларды тазалоочу каражаттар менен тазалап жууп турса жакшы.

Бейтап менен азыраак сүйлөшүп, аны караган учурда беткапты кийип алуу керек.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму белгилегендей, сасык тумоого каршы эмдөөнү алуу эң натыйжалуу ыкма. Себеби вируска каршы эмдөө вакциналары гана эпидемия күчөгөн учурда ооруну токтото алат.

Эмдөө организмдеги иммундук системанын инфекцияга каршы туруусун бекемдейт. Башка бардык медициналык дары- дармектерге караганда сасык туумоого каршы вакцинасы натыйжалуу.

Эмдөө жарандардын бардык катмарына сунушталат. Эмдөөнү оору башталардын алдын 2-3 жума эрте, медициналык мекемеде, атайын окуп даярданган медицина кызматкеринен алуу керек. Эмдөөнүн алдында дарыгерге кайрылуу абзел.

Сасык тумоонун алдын алуу:

Эпидемиялык абал башталганга чейин сасык тумоого каршы эмдөө алыңыз;

Эл көп чогулган жерлерге, коомдук транспортко түшкөндү азайтыңыз;

Эл көп жерлерде беткап кийиңиз.

Жөтөлүп же чүчкүргөн адамдардан алыс болуңуз.

Ар дайым коомдук транспорттон, сырттан келгенден кийин колду самын менен таза жууңуз;

Өзгөчө сырттан келгенден кийин жана коомдук транспортко түшкөндөн кийин мурдуңузду чайкаңыз;

Ар дайым бөлмөңүздү желдетип туруңуз;

Бөлмөнү суу чүпүрөк менен тазалаңыз;

Бөлмөңүздүн нымдуулугун сактаңыз;

Курамында С витамини камтылган азыктарды колдонуңуз;

Сарымсак менен пияз кошулган тамак-ашты колдонуңуз.

Дарыгердин сунушу менен иммундук системаны бекемдеген дары-дармектерди колдонуңуз.

Иштеген жериңизде же үйдө сасык тумоо менен ооруган адам болсо, дароо вируска каршы дары-дармектерди дарыгердин сунушу боюнча, ооруну алдын алуу максатында колдонуңуз;

Сергек жашоону бекемдеңиз, жетиштүү уйку, туура тамактануу, дене кыймылы.


Вирустук гепатиттер - кеңири тараган жана айрыкча боорду жабыркатуучу коркунучтуу инфекциялык оорулар.

Вирустук гепатиттин беш түрү бар (А, В, С, Д жана Е).

В, Д жана С вирустук гепатиттери оор кесепеттерине байланыштуу чоң коркунуч туудурат.

Гепатитти жуктуруп алуу ооруган же жуктуруп алган адамдын каны же биологиялык суюктугу дени соо (туруштук бере албаган) адамдын организмине келип түшкөндө:

  • ийне аркылуу баңги колдонуучулардын арасында бир шприц жана ийне пайдаланган учурда
  • стерилденбеген аспаптар менен медициналык манипуляция жасаган учурларда, текшерүүдөн өткөрүлбөгөн кан жана анын компоненттерин башка адамга куйганда
  • устара жана маникюр аспаптарын, тиш щеткаларын чогуу колдонгон учурда
  • стерилденбеген аспаптар менен татуировка жасоо, ийне саюу, кулакты көзөтүүдө
  • корголбогон жыныстык катнаш учурунда (презервативсиз). Капысынан болгон байланыштарга барган же бир нече жыныстык өнөктөшү бар адамдарда жугузуп алуу мүмкүнчүлүгү жогору.

В жана С гепатитинин энеден балага жугуусу көп кездеше бербейт.

Эгерде кош бойлуу аялда вирустун активдүү формасы болсо же кош бойлуулуктун акыркы айларында курч гепатит менен ооруган болсо коркунуч жогорулайт.

Оору кантип билинет

Оорунун инкубациалык мезгили (жугузган учурдан тартып белгилери билингенге чейинки мезгил) 2 айдан 6 айга чейин созулат.

В жана С гепатиттери курч жана өнөкөт формада өтүшү мүмкүн.

Гепатиттин белгилери төмөндөгүлөр болуп саналат:

  • алсыроо, чарчоо
  • табиттин жоголушу
  • оң жактагы кабырга астынын салмактанышы жана оорутушу
  • көңүл айлануу, кусуу
  • дене табынын 38°С чейин жогорулашы
  • боор жана көк боордун чоңойушу
  • көздүн агынын жана теринин саргайышы
  • тамак сиңирүүнүн бузулушу
  • заңдын түсүнүн жоголушу, агарышы
  • зааранын күңүрт болушу

С гепатитинде дайыма эле саргаюу жана ден табынын жогорулашы байкала бербейт.

Учурлардын 85%да В жана С гепатити симптомдорсуз өтө тургандыгын белгилей кетүү маанилүү. Көптөгөн адамдар өздөрүнүн оорусу тууралуу билбейт жана айланасындагыларга жугузушу мүмкүн.

Парентералдык вирустук В, Д жана С гепатиттер лабораториялык изилдөөлөрдө гана аныкталат.

В гепатитинин вирусу өзгөчө тышкы чөйрөдө туруктуу, вирус жогорку 132 °С температурада гана өлөт.

Эгерде гепатитти курч мезгилинде дарылабаса, ал өнөкөт түрүнө айланат.

В жана С өнөкөт гепатиттери узак жана көп жылга созулат жана оор абалдарга – цирроз же боордун рагына өтүшү мүмкүн.

Спирт ичимдиктерин ашыкча ичүү же баңги заттарды колдонуу боор циррозунун өөрчүүсүн тездетиши мүмкүн.

Талмоорсуу, чарчоо, оң жактагы кабырга астынын салмактанышы, табиттин жоголушу байкалары менен В жана С гепатиттерине текшерилүү үчүн дарыгерге кайрылгыла.

Кан менен байланышкан манипуляция жасоо учурунда стерилденбеген аспаптарды колдонууда же жалпы саюу - кесүү шаймандарын пайдаланууда дагы шек туулса гепатитке текшерилгиле.

Канда гепатит вирустарынын бар экендигин канга анализ тапшыруу менен гана аныктоого болот.

В жана С гепатити менен ооруп калбоо үчүн зарыл:

  • Өздүк гигиена каражаттарын жекече пайдалануу (тиш щетка, устара жана маникюр аспаптарын);
  • Баңги сайуу үчүн жалпы шприц жана ийнени пайдаланбоо
  • Медициналык жана косметологиялык процедураларды жасоо учурунда бир жолу пайдалануучу аспаптардын стерилденгендигин жана колдонулушун көзөмөлдөө;
  • Кооптуу сексуалдык жүрүм-турумдан качуу же презерватив колдонуу.

Азыркы учурда В вирустук гепатитине гана каршы вакцина бар.

В гепатитине каршы эмдөө Кыргыз Республикасынын Улуттук алдын ала эмдөө календарына ылайык, балдарга төрөлгөн учурда жасалат жана 2,3,5 жана 6 айында кайталанып турат.

Эмдөө балдарга акысыз жүргүзүлөт.

Читайте также:

Пожалуйста, не занимайтесь самолечением!
При симпотмах заболевания - обратитесь к врачу.

Copyright © Иммунитет и инфекции